Тажик-кытай биргелешкен "Зарафшон" ишканасы алтын казып жаткан жер Пенжикент шаарынын Хумгарон айылынан 300 метр алыстыкта жайгашкан. Жергиликтүү тургундар компания айлана-чөйрөнү булгап жатканы боюнча бардык мамлекеттик органдарга кайрылып чыгышканын, бирок эч ким аларга көңүл бурбаганын билдирүүдө.
"Ишкана ишин баштагандан көп өтпөй эле саламаттыгыбыз начарлай баштаган. Алар алтын казуу үчүн уулуу цианидди колдонушат. Ал адамдарга көп зыян алып келет. Эми азыр айылдын жогору жагында, суунун боюнда да казуу иштерин баштаганы турушат. Суубуз ансыз деле булганга болчу, эми таптакыр эле уулуу да болуп калышы мүмкүн", – деди айылдын Абдурахмон Сатторов аттуу тургуну.
Жашоочулар 1997-жылы компания ишин баштаган кезде айылда жайыттар көп болгонун, бирок өндүрүштүн кеңейиши менен алар мал жайууга жараксыз болуп калганын билдирүүдө.
"Алар биз жайыт катары колдонуп келген жерлерди алып коюшту, малды каякка жаярыбызды билбей калдык. Жакында эле 50 баш мал ишкананын кенди фильтрлеген аймагына кирип кетип өлдү. Биздин маселебиз менен эч кимдин иши жок болууда, абалыбыз өтө оор", – деди айылдын Фируза Каххорова аттуу жашоочусу.
Жергиликтүү тургундар менен ишкананын ортосундагы чыр төрт жыл мурда күчөгөн. Анда компания айылдын экинчи тарабындагы алты гектардан ашык аянтка жаңы фильтрлөө цехин куруу чечимин кабыл алган.
"Зарафшон" ишканасынын жетекчилиги курулуп жаткан цехке жакын жашаган 47 үй-бүлөнү башка жерге көчүрүүгө ниеттенип жатат. Ишкана курулуштун долбоору бардык мамлекеттик органдар менен, анын ичинде Айлана-чөйрөнү коргоо комитети менен макулдашканын билдирүүдө.
1990-жылдардын аягынан 2007-жылга чейин "Зарафшон" ишканасынын акцияларынын көпчүлүк бөлүгү британиялык Commonwealth & British Mineral Ltd компаниясына таандык болчу. Кийин аны кытайлык ZiJin Mining Group Co.Ltd алтын өндүрүүчү компания сатып алган. Бүгүнкү күндө компаниянын акцияларынын 70% кытайлыктарга, 30% Тажикстанга таандык. Бул кенде алтындан башка баалуу металлдар да алынат.