Ссылки доступа

Душанбеде туткун качкан абактын кызматкери кармалды


Ахмадбек Саидов

Душанбедеги №1 абактын жооптуу кызматкери камактагылардын бири качып кеткенден кийин кармалды. “Озоди” радиосунун өз булагы 35 жаштагы Ахмадбек Саидов  19-августка караган түнү тергөө изоляторунан качып кеткенин кабарлады.

Качкан киши кармалган-кармалбаганы белгисиз. Бул арада Ахмадбек Саидовдун сүрөттөрү Бохтар шаарынын көчөлөрүндө жана базарларында пайда болду.

12 тажик жараны менен кошо Орусиядан Тажикстанга депортацияланган Ахмадбек Саидов 2007-жылы Дангара шаарында каракчылык менен кол салууга жана 83 миң сомони (8080 доллар) уурдап кетүүгө айыпталган.

Бул арада качууга көмөк көрсөтүү шеги менен №1 абактын жооптуу кызматкери Идибек Мухтожев кармалды.

“Текшерүү көрсөткөндөй, Саидов качардан бир күн мурун белгисиз киши менен Мухтожоевдин телефону аркылуу сүйлөшкөн. Мухтожоев бир апта мурун кармалган”, - деди өз булак.

2010-жылы Душанбе борборундагы тергөө абагынан 25 киши качып кеткен. Алардын арасында оор кылмыш жасоого айыпталгандар да болгон. Бул окуядан кийин Тажикстан президенти Эмомали Рахмон Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысын жана алардын орун басарларын кызматтан алган.

Качкындарды кармоо операциясы 2011-жылдын күз мезгилине чейин созулган. Качкандардын 14ү кармалып, жетөө өлтүрүлгөн.

Видео

Видео

- Ош - Изник: 45 күндө беш өлкөдөн өткөн ардагер
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:51 0:00
XS
SM
MD
LG