Ссылки доступа

Чымкентте көп кабаттуу батирден өрт чыгып, 35 киши эвакуацияланды


29-августтта Чымкент шаарындагы көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, төрт батир күйүп кеткен. Куткаруучулар 35 кишини башка жакка көчүрдү, арасында балдар да бар.

Жаракат алгандар жок. Ушул тапта турак жайда электр кубаты жана газ өчүрүлгөн.

Турак жайдын жашоочусу “Азаттыктын” казак кызматына эки бөлмөлүү батири толугу менен күйүп кеткенин, өрт чыккан маалда ал балдары менен туугандарыныкында болгонун айтты.

- Үйдөн өрт чыкканын кошуналардан уктум. Келгенде батирим толугу менен күйүп кетиптир, - деди Баглан Пердикулов.

Өрттүн себеби азырынча аныктала элек, бирок жашоочулар биринчи кабатта коомдук тамактануу жайы жайгашканын белгилешүүдө.

XS
SM
MD
LG