Ссылки доступа

ШКУ саммитине байланыштуу Самаркандда окуу жылы 19-сентябрда башталат


Самарканд Элдик билим берүү башкармалыгы Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитине байланыштуу мектептерде сабактар 19-сентябрда башталарын маалымдады.

Башкармалык мындай чечим ар түрдүү иш-чараларды уюштурууда коомдук тартипти камсыздоо үчүн кабыл алынганын белгиледи.

Маалыматка караганда, кемиген окуу сааттары жыл ичинде каникулдардын эсебинен толукталат.

ШКУнун кезектеги саммити 15-16-сентябрда Самаркандда өтөт. Уюмга Өзбекстан, Орусия, Кытай, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Индия, Пакистан жана Иран мүчө. Ооганстан, Монголия жана Беларус байкоочу макамга ээ.

Буга чейин "Өзбекстан аба жолдору" ШКУ саммитине байланыштуу Самарканд аэропорту убактылуу жабыларын жарыялаган.

Видео

Видео

Троллдорго пикириңизди уурдатпаңыз
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:53 0:00
XS
SM
MD
LG