Ссылки доступа

Тажикстанда мурдагы судья Рустам Саидахмадзоданын камактагы мөөнөтү узартылды


Рустам Саидахмадзода

Тажикстандын Башкы прокуратурасынын тергөөчүлөрүнүн өтүнүчү менен Бобожон Гафуров райондук сотунун мурдагы судьясы Рустам Саидахмадзоданын камактагы мөөнөтү дагы эки айга узартылды.

43 жаштагы судья "ыйгарым укуктарынан аша чабууга" жана "кылмыш жөнүндө жалган маалымат берүүгө" айыпталууда. Саидахмадзода жана анын жакындары айыптоолорду четке какты.

Башкы прокуратуранын тергөөчүлөрү мурдагы судьянын иши боюнча комментарий берген жок.

Согд облусунун Бобожон Гафуров райондук сотунун мурдагы судьясы Рустам Саидахмадзода 29-июнда кармалган. 1-июлда соттун чечими менен эки айга камалган. Судья кармалгандан кийин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Саидахмадзоданы "соттордун кадыр-баркына доо кетирген жоругу үчүн" кызматтан алуу жөнүндө жарлыкка кол койгон.

Рустам Саидахмадзода Бободжон Гафуров районунун судьялыгына 2017-жылы дайындалган. Ага чейин Шахристан райондук сотунун судьясы болгон.

Тажикстанда бардыгы болуп 450 судья иштейт. Өлкөдө судьяларды президент дайындайт жана бошотот.

Видео

Видео

Улуу көчтү улаган вандык кыргыздар
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:50 0:00
XS
SM
MD
LG