Ссылки доступа

"Талибан" кайрадан Өзбекстан менен Тажикстандан тик учактарды кайтарып берүүнү талап кылды


"Талибан" кыймылынын өкүлдөрү кайрадан Өзбекстан менен Тажикстандын бийлигине кайрылып, былтыр Ооганстандан качып чыккан аскер кызматкерлери калтырып кеткен тик учактар менен учактарды кайтарып берүүнү талап кылды. Бул тууралуу TOLO news басылмасы кабарлады.

Маалыматка караганда, талибдер түзгөн өкмөттүн коргоо министри Мухаммед Якуб Мужахид аталган эки мамлекетте МИ-17 тик учактары бар экенин, аны кайрып берүүгө убакыт жеткенин айтты. Ал мунун баары "оогандардын менчиги болуп саналарын" билдирди.

"Тик учактарды Ооганстанга кайтарууга америкалыктар уруксат бербей жатат деп айтышууда. Биз америкалыктар менен сүйлөштүк, алар техника ооган элине тиешелүү экенин, эч кимдин менчиги эмес экенин билдиришти. Акыр-аягында бул мүлк баары бир Ооганстанга кайтарылышы керек", – деди талибдердин министри.

Талиб өкмөтү алгач январда билдирүү таратып, Ташкент менен Душанбени тик учактарды кайтарып берүүгө чакырган. Ошол кездеги коргоо министринин милдетин аткаруучу Мавлави Мухаммад Якуб "эгер учактар кайтарылбаса, кесепети оор болорун" эскерткен.

Душанбе менен Ташкент эч кандай жооп кайтара элек болчу. Айрым басылмалар Тажикстан менен Өзбекстан АКШга кайрылып, тик учактардын бир бөлүгүн өздөрүндө калтырууну суранышканын жазган. Ошол эле маалда АКШнын Коргоо министрлиги тик учактар талибдерге кайтарылбашы керектигин билдирген.

2021-жылдын 15-августунда "Талибан" кыймылы Ооганстандагы бийликти басып алган учурда ондогон ооган аскерлери тик учактар менен коңшу мамлекеттерге качып өтүшкөн. Талибдер кийин Тажикстан менен Өзбекстанга 40 тик учак чыгарылып кеткенин билдиришкен. Тик учактардын көбүн АКШ Ооганстанга мурдагы бийликтин тушунда берген.

XS
SM
MD
LG