Ссылки доступа

Тажикстандын кампаларында колдонулган 2 миллион сымаптуу лампа сакталууда


Тажикстандын кампаларында курамында сымап бар 2 миллион колдонулган электр үнөмдөөчү лампалар сакталууда.

1-июнда Тажикстандын өкмөтү мындай лампаларды өлкөгө алып кирүүгө, өндүрүүгө жана сатууга тыюу салган. Анда алар электр үнөмдөөчү жарык диоддуу лампаларга алмаштырылары айтылган.

Тажикстанда курамында сымап бар лампаларды утилизация кылуу – негизги көйгөйлөрдүн бири. Мамлекеттик "Турак жай-коммуналдык чарба" ишканасынын маалыматына караганда, сымаптуу лампалар өлкөнүн бардык аймактарынан Исфарадагы "Чарог" ишканасына утилизацияга жеткирилет. Бирок анда лампалардын көбү тиешелүү деңгээлде зыянсыздандырылбайт.

"Бул лампаларды бир да өлкө кайра иштетүүгө кабыл албайт, ошондуктан аны өлкө ичинде утилизация кылуунун жолдорун издөө керек. 2017-жылы ишкерлердин бири лампаларды зыянсыздандыруу үчүн Орусиядан эки даана жабдуу алып келип, Исфарага орнотушу керек болчу. Бирок ал план ишке ашкан жок", – деди "Турак жай-коммуналдык чарба" ишканасынын кызматкери Ахлиддин Хожаев.

Тажикстандын Айлана-чөйрөнү коргоо комитетинин өкүлү Наим Неъматзода "Чарог" ишканасында сымаптуу лампаларды зыянсыздандыруучу Орусиядан алып келинген бир жабдуу бар экенин билдирди. "Орусиядан атайын адис чакырылып, ал 10 күн бою жергиликтүү кызматкерлерди жабдуу менен иштөөнү үйрөттү. Бүгүнкү күндө ал жабдууда күнүнө 3-4 миңден лампа зыянсыздандырылууда", – деди ал.

Бирок "Турак жай-коммуналдык чарба" ишканасынын өкүлү Айлана-чөйрөнү коргоо комитети 2018-жылы алып келген жабдуу белгисиз себептерден улам бүгүнкү күнгө чейин иштебей турганын белгиледи.

Расмий маалыматтарга ылайык, бүгүнкү күндө Тажикстандагы кампаларда 2009-жылдан бери өлкөгө алып келинген сымаптуу лампалардын 20% гана сакталууда.

Экологдор курамында сымап бар электр үнөмдөөчү лампалар адамдын саламаттыгы үчүн кооптуу экенин эскертүүдө. Айлана-чөйрөнү коргоо менен алектенген "Пешсаф" коомдук уюмунун кызматкери, эколог Умеджон Улугов сымаптуу лампалардын зыянын изилдеген. Анын айтымында, электр үнөмдөөчү лампалардын курамындагы сымап буу абалында болот.

"Эгер мындай электр үнөмдөөчү лампа жарылса сымап абада тез жайылып, адам анын буусу менен дем алат. Сымап адамдын организминде топтолуп, көпкө чейин сыртка чыкпайт. Жыйынтыгында ал түрдүү ооруларга, анын ичинде ракка чалдыгышы мүмкүн", – деди Улугов.

Тажикстандын бийлиги 2009-жылы эл арасында "Ильичтин лампасы" деп аталып калган салттуу лампаларга тыюу салып, калкты жапырт түрдө курамында сымап бар лампаларды колдонууга өткөргөн. Анда өкмөт мындай чечимин электр энергиясын үнөмдөө зарылдыгы менен түшүндүргөн. Бирок бүгүнкү күнгө чейин өлкөдө электр энергиясынын тартыштыгы бар.

Тажик бийлиги колдонууга сунуштап жаткан жарык диоддуу лампалар курамында сымап бар лампаларга салыштырмалуу электр энергиясын аз керектеп, ошол эле маалда жарыкты көбүрөөк берет. Бирок алардын баасы да кыйла кымбатыраак болот.

XS
SM
MD
LG