Ссылки доступа

Казакстанда дизель майынын тартыштыгы үчүн "КазМунайГаздын" жана Энергетика министрлигинин башчыларына сөгүш жарыяланды


Казакстандын аймактарында дизель майы жетишсиз болуп жаткан учурда Энергетика министрлиги менен "КазМунайГаз" компаниясынын "айрым жооптуу кызматкерлерине" сөгүш жарыяланып, эмгек келишимдери жокко чыгарылды. Бул тууралуу казак өкмөтү 31-августта билдирди.

Маалыматка караганда, "өз учурунда тиешелүү чараларды көрбөгөнү үчүн" "КазМунайГаздын" башкармалыгынын төрагасы Магзум Мирзагалиев менен энергетика министринин орун басары Асет Магауовго катуу сөгүш берилди.

Шаршемби күнү өкмөттүн сайтына жарыяланган билдирүүдө премьер-министрдин орун басары Роман Скляр башында турган комиссия "өлкө үчүн маанилүү болгон күйүүчү майдын тартыштыгына таасир эткен факторлорду" аныктаганы жазылган. Анда дизель майынын тартыш болуп жаткандыгынын негизги себеби катары "чет өлкөлүк транзиттик транспорттордун керектөөсүнүн кыйла өскөнү, ошондой эле "баадагы кескин айырмачылыктан улам" майдын коңшу өлкөлөргө кетип жатышы" көрсөтүлгөн.

"Ата мекендик мунай базалары дизель майын чекене баасынан кыйла кымбат саткан фактылар аныкталды. Мындан улам май куюучу жайларга сатып алуу пайдасыз болуп калып, аймактарда май сатуунун көлөмүнүн азайышына алып келген. Мындан тышкары "КазМунайГаз", Petrosun компаниялары, ошондой эле мунайды кайра иштетүүчү заводдор өндүрүүдө, маркетингде жана логистикада "системалык кемчиликтерге" жол бергени аныкталды", – деп жазылган өкмөттүн билдирүүсүндө.

Өкмөттүн бүгүнкү билдирүүсүндө "ички базарды күйүүчү-майлоочу май менен толук камсыз кылуу үчүн" көрүлгөн жана көрүлө турган ыкчам жана узак мөөнөттүү чаралар жарыяланды:

- быйыл дизель майын өндүрүүнүн көлөмү 5,2 миллион тоннага чейин көбөйтүлдү, бул 2021-жылга салыштырмалуу 340 миң тоннага көп;

- мунайды кайра иштетүүчү заводдордон дизель майын жөнөтүү көлөмдөрү көбөйтүлдү;

- "Самрук-Казына" фонду менен "КазМунайГаз" компаниясы дизель майынын кошумча көлөмүн жеткирүү боюнча макулдашууга жетишти;

- Чымкенттеги мунайды кайра иштетүүчү заводдун өндүрүштүк кубаттуулугун кеңейтүү пландалды;

- 2023-жылдан тарта мунайды кайра иштетүүчү заводдордун ишин жаңы схемага өткөрүү пландалууда. Ага ылайык, заводдор мунайды түз сатып алат же жер казынасын пайдалануучулардан түзмө-түз жеткирилип турат.

22-августта Казакстанда коңшу өлкөлөр менен чектешкен аймактарда дизель майынын чекене сатуудагы жогорку баасын киргизүү тууралуу Энергетика министрлигинин буйругу күчүнө кирген. Бул буйрук менен дизелдик отунду сатууга да чек коюлган. Ага ылайык, Казакстандын жарандары жеңил автоунаасына майды бир сутка ичинде 100 литрге чейин, жүк ташуучу автоунаасына 300 литрге чейин сатып алса болот. Чектен ашкандан кийин жергиликтүүлөр да чет элдиктер сыяктуу жогору баа менен төлөшү керек. Чет элдиктерге лимит белгиленген эмес, алар канча алса да 450 теңгеден сатып алышат.

XS
SM
MD
LG