Ссылки доступа

Каракалпакстанда кармалган дагы 10 киши үй камагына чыкты


Июлдун башында Каракалпакстандагы нааразылык акцияларга катышкан деген шек менен кармалган дагы 10 киши 30-августта үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Олий Мажлистин Каракалпакстандагы окуяларды иликтөө үчүн түзүлгөн комиссиясы билдирди.

Буга чейин Нукустагы окуялардын 24 катышуучусу үй камагына чыгарылганы кабарланган. Муну менен үй камагына чыгарылган шектүүлөрдүн саны 34кө жетти.

Ушул тапта Каракалпакстандагы башаламандыктарга катышуу шеги менен жалпысынан канча киши камакта отурганы жөнүндө маалымат жок.

1-2-июль күндөрү Каракалпакстандын борбору Нукус шаарында жергиликтүү тургундар Өзбекстандын Конституциясынан республиканын суверендүүлүгү тууралуу беренени алып салуу сунушуна каршы чыгышкан. Митингдер күч менен басылып, 21 киши набыт болуп, 516 адам кармалган.

XS
SM
MD
LG