Ссылки доступа

Жейми Флай Тажикстандын президентине нааразылык кат жолдоду


Жейми Флай жана Эмомали Рахмон. Цюрих, Швейцария. 7-ноябрь, 2019-жыл
Жейми Флай жана Эмомали Рахмон. Цюрих, Швейцария. 7-ноябрь, 2019-жыл

“Эркин Европа/Азаттык радиосунун” президенти Жейми Флай Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго кат жолдоп, “куугунтуктун жаңы толкунуна жана “Азаттыктын” тажик кызматынын (“Озоди”) журналисттеринин ишине бут тосуу аракетине каршы” экенин билдирди.

Кат Тажикстандын президентинин аппаратына 31-августта тапшырылды. Ага азырынча жооп боло элек. Бирок буга чейин расмий Дүйшөмбү жалпыга маалымдоо каражаттары эркин иштеши үчүн өлкөдө бардык шарттар түзүлгөнүн кайталап келген.

Жейми Флай катында Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы май айында болгон окуялардан кийин “Озоди” радиосунун журналисттерин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн коркутуп-үркүтүү, куугунтуктоо мурдагыга караганда көп боло баштаганын жазды.

“Озоди” радиосунун, “Настоящее время” телеканалынын кабарчылары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү кол салууга кабылды. Алардан кесиптик ишмердүүлүгүндө колдонгон электрондук шаймандары алынган”, - деп жазды Жейми Флай.

Ал “Озоди” радиосунун кызматкерлерине карата кысым жана коркутуулар боюнча ондогон учурлар катталганын, мындай окуялар күндөн-күнгө көбөйүп эле баратканына тынчсыздануусун билдирди.

Ушул жылдын 17-майында “Азаттыктын” тажик кызматынын журналисти тоолуу бадахшандык активист Улфатхоним Мамадшоевадан маек алгандан кийин ур-токмокко алынган. Мамадшоева бир күндөн кийин Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы башаламандыкка шек саналып кармалган.

“Озоди” радиосунун Инстаграмдагы баракчасында 1,5 миллионго, Ютубда 1,8 миллионго жакын катталуучусу бар. Радионун социалдык тармактардагы баракчалары жана сайты Тажикстанда эл маалымат алган бирден-бир маалымат булагы.

XS
SM
MD
LG