Ссылки доступа

Укук коргоочу Бишкектин көчөлөрүндөгү Z жана V жазуусун өчүрдү (видео)


Укук коргоочу жана жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Бишкектин көчөлөрүнө белгисиз адамдар жазып кеткен Z жана V жазуусун тазалап, өчүрдү.

Ал Кыргызстандын эгемендик майрамын утурлай Орусиянын Украинага басып киришинин символуна айланган тамгаларды Бишкектин көчөлөрүнүн жазып кеткендерди айыптап, жууп жатканы тартылган видеону Фейсбуктагы баракчасына жайгаштырды.

Z жана V тамгалары Украинага басып кирген орусиялык техникага тартылган. Кремлчил пропагандачылар аларды “атайын операциянын” символдору деп аташат. Кремль үгүт иштеринде бул символдорду көп колдонот.

Буга чейин Бишкек шаардык милициясы машинесине Z белгисин чаптап алган айдоочуларга айып пул салып, белгилерди сыйрыган. Тартип коргоо органдары машинеге уруксаты жана атайын лицензиясы жок белги (наклейка) чаптап алууга болбой турганын билдирген.

Орусия 24-февралда Украинага кол салгандан тарта расмий Бишкек бул маселеде нейтралдуу позицияда экенин билдирип келет.

XS
SM
MD
LG