Ссылки доступа

Казакстанда премьер-министрдин кортежин видеого түшүрүүгө аракет кылган журналист кармалды


Журналист Ардак Ерубаева нааразылык акциясында. Актөбө, 2022-жыл, 5-январь.
Журналист Ардак Ерубаева нааразылык акциясында. Актөбө, 2022-жыл, 5-январь.

31-августта Актөбө шаарында журналист Ардак Ерубаева Казакстандын премьер-министри Алихан Смаиловдун кортежин видеого түшүрүүгө аракет кылган маалда кармалды.

Журналистти полиция кармап кетип, үч саат суракка алды. Бул тууралуу Ерубаева “Азаттыктын” казак кызматына билдирди.

– Мени күч менен алып кетип, полиция автоунаасына салган эки киши формачан болгон эмес. Алар смартфонумду тартып алышты. Колум көгөрдү. Мунун баары облустук акимчиликтин алдында болду. Бүгүн Актөбөдө аким алмашты. Алихан Смаилов баштаган өкмөт мүчөлөрү жаңы акимди тааныштыруу үчүн Актөбөгө келишкен. Бирок облустун жаңы жетекчиси Ералы Тогжановду тааныштырган жыйынга акимчилик журналисттерди киргизген жок. Себебин да түшүндүрүшпөдү. Мен суроолорумду берүү үчүн өкмөт мүчөлөрүн күтүп тургам, - деди Ардан Ерубаева.

Актөбө облустук полиция департаменти Ардак Ерубаеванын кармалганын тастыктады. Полиция журналист ички иштер кызматкерлеринин мыйзамдуу талабын аткаруудан баш тартканын билдирди.

— Премьер-министр – коргоодогу жооптуу адам. Кызматкерлер нускамага ылайык иш жүргүзүшкөн жана кортежди көздөй жүгүргөн Ерубаеваны кармап кетишкен, - деп кабарлады полиция департаменти.

Ардак Ерубаева кортежди көздөй жүгүрүп чыкканын четке какты. Полиция бөлүмүнө жеткирилгенден кийин ал “кесиптик ишмердүүлүгүнө тоскоол болгон” полиция кызматкерлерине каршы арыз жазганын айтты.

Журналист бир нече жергиликтүү басылмалар менен кызматташат. Январь окуяларынан кийин анын үйүндө тинтүү жүрүп, өзү полиция бөлүмүндө сурак берген.

XS
SM
MD
LG