Ссылки доступа

Ташкент аэропортунда крокодилдерди жана хамелеондорду мыйзамсыз алып кирүү учуру аныкталды


Иллюстративдик сүрөт
Иллюстративдик сүрөт

Египеттен Өзбекстанга 56 крокодилдин баласын жана 10 хамелеон алып кирүүгө аракет кылган учур аныкталды. Алардын жалпы баасы 1 млрд сумга (100 миң доллардын тегереги) бааланды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлады.

Жаныбарлар Ташкент зоопаркына өткөрүлүп берилди, ташуу эрежелери сакталбагандыктан, хамелеондордун айрымдары оор абалда. Ташкент аэропортунун бажычылары жаныбарлардын мыйзамсыз алып кирүүгө аракет жасаган өзбек жаранын кармады.

Мамлекеттик бажы комитети кабарлагандай, жаныбарлар 30-августта “Каир-Ташкент” каттамы менен келген жүргүнчүнү жеке текшерүү учурунда табылган. Крокодилдер жашылча-жемиштер салынган пластик контейнерлердин ичинде катылган. Контейнерлер фольга менен оролгон.

Ушул тапта бул факт боюнча териштирүү башталды.

Өзбекстан мыйзамдарына ылайык, Кызыл китепке киргизилген жаныбарларды чек арадан нары-бери өткөрүү Мамлекеттик экология комитетинин уруксаты менен гана жүргүзүлөт.

XS
SM
MD
LG