Ссылки доступа

Тажикстанда ВИЧ-инфекциясынан улам 22 түгөйгө үйлөнүүгө уруксат берилген жок (видео)


Тажикстан бийлиги жарым жыл ичинде 22 түгөйгө үйлөнүү үлпөт өткөрүүгө уруксат берген жок. Буга генетикалык экспертиза учурунда кыз же жигиттен ВИЧ-инфекция аныкталганы себеп болгон.

Медиктер түгөйлөр дарылануу курсунан толугу менен өткөндөн кийин үйлөнүү үлпөтүн өткөрө аларын айтышууда.

“Алар антиретровирустук терапиядан өтө алышат. 2-3 ай аралыгында эки же андан көп вируска каршы препараттарды ырааттуу түрдө алгандан кийин ВИЧке кабылган кишилер кадыресе жашоо образын жүргүзө алышат, ошондой эле вирусту башка адамдарга жыныстык жол менен жугуза алышпайт”, - деди СПИД менен күрөшүү борборунун жетекчиси Дилшод Сайрахмонов.

Бул арада ВИЧ/СПИДге чалдыккан кишилер өзү сыяктуу макамдагы кишилер менен баш кошууга ыкташууда.

Тажикстанда 1991-жылдан бери ВИЧ-инфекциясын жуктурган 15 миң адам аныкталган. Өлкөдө бул илдетке чалдыккан аялдардын көбү ВИЧти Орусияда иштеп келген күйөөлөрүнөн жугузушканын билдирип келишет.

Власти Таджикистана не разрешили сыграть свадьбу 22 новобрачным. Почему?
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:49 0:00

Видео

Видео

Троллдорго пикириңизди уурдатпаңыз
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:53 0:00
XS
SM
MD
LG