Ссылки доступа

Токаев: Январь окуяларынын катышуучуларына мунапыс жарыяланат


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Январь окуяларынын катышуучуларына бир жолку мунапыс убада кылды.

Токаев мунапыс оор кылмышка айыпталбагандарга колдонула турганын белгиледи.

"Башаламандыктарды уюштурууга катышы барларга, мындан тышкары мамлекеттик чыккынчылыкка жана бийликти күч менен алмаштыруу аракетине айыпталган башкы фигуранттарга мунапыс берилбейт", — деди президент.

Токаев ырайымга канча киши илинерин жана "башкы фигуранттардын" ысымын айткан жок.

Буга чейин Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин (УКК) мурдагы төрагасы Карим Масимов жана анын орун басарлары Ануар Садыкулов, Даулет Эргожин, Марат Усуповго карата тергөө иштери аяктаганы кабарланган. Масимов менен Садыкуловго "Мамлекетке чыккынчылык кылуу", "Бийликти узурпациялоо" жана "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери менен айып коюлган. Эргожин "Бийликти күч менен басып алуу", "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", Усупов "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен шек саналып жатат. Карим Масимовдун иши боюнча атайын кызматтын төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Самат Абиш да сурак бергени кабарланган.

Быйыл 2-январда Маңгыстау облусунда жана Жаңы-Өзөн шаарында суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингдер болгон. Кийин өлкөнүн башка аймактарына жайылып, саясий өңүт алган акциялар Алматы шаарында ири башаламандык менен коштолгон.

Бир нече шаарда акцияга чыккандарды аскерлер жана полиция кызматкерлери күч менен басып, 238ден кем эмес киши өлгөн. 1-августта прокуратура Январь окуясы боюнча айыпталган 92 адам абакка кесилгенин кабарлаган. Жалпысынан 474 кылмыш иши сотко жөнөтүлүп, 717 адам жоопкерчиликке тартылган.

XS
SM
MD
LG