Ссылки доступа

Тажикстан мамлекеттик сырларды техникалык жактан коргоого $1,5 млн бөлдү


Тажикстандын өкмөтү мамлекеттик сырларды коргоону күчөтүү максатында 2026-жылга чейин атайын программа кабыл алып, аны ишке ашырууга 15 миллион сомони (1,5 миллион доллар) бөлдү. Өкмөттүн тиешелүү токтому өлкөнүн Юстиция министрлигинин сайтына 30-августта жарыяланды.

"Жаңы маалыматтык технологиялардын өнүгүшү менен чет өлкөлөрдүн мамлекеттик сырларга жетүү мүмкүндүктөрү кыйла жеңилдеди. Буга байланыштуу Тажикстан жашыруун маалыматтарды коргоонун техникалык системаларын күчөтүшү керек. Маалыматтарды техникалык жактан коргоо борбору 2004-жылы сатып алган жабдуулар менен технологиялар эскирип, жаңылоого муктаж", – деп жазылган документке тиркелген түшүндүрмө катта.

Атайын программаны ишке ашырууга 1,5 миллион АКШ доллары бөлүндү. Бул акчага өкмөт жаңы жабдуулар менен маалыматтык технологияларды сатып алууга ниеттенип жатат. Мындан тышкары программанын алкагында "мамлекеттик сырлардын ЖМКларга чыгып кетүүсүнө жол бербөө максатында" журналисттердин жана ЖМК өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйындарды өткөрүү каралган.

Тажикстанда журналисттер буга чейин эле мамлекеттик органдардан маалымат алуу кыйла чектелгенине даттанып келишкен. Алардын айтымында, бийлик көпчүлүк учурларда мыйзам боюнча жашыруун болбогон маалыматтарды да берүүдөн баш тартат.

Тажикстан дүйнөдөгү сөз эркиндигинин рейтингинде 180 өлкөнүн ичинен 152-орунда жайгашкан.

Видео

Видео

- Ош - Изник: 45 күндө беш өлкөдөн өткөн ардагер
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:51 0:00
XS
SM
MD
LG