"Эгемендик алганыбызга 31 жыл болду, бирок биздин аталар буга 100 жылдан ашык убакыт мурда эле жетүүгө аракет кылган. Эгемендик алганга чейин 100 миң мекендешибиз репрессияга кабылып, 13 миңи атылып кеткен", – деди Мирзиёев.
Президент өткөн жылы Өзбекстандын Жогорку соту репрессиялардын 235 курмандыгын актаганын кошумчалады.
Өзбекстанда 31-августта Репрессиялардын курмандыктарын эскерүү күнү белгиленет.
Репрессия курмандыктарына арналып тургузулган "Шейиттер эстелиги" ("Шахидлар хотираси") комплексинде өткөн быйылкы иш-чарага мамлекеттик жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле ардагерлер катышты. Иш-чаранын алкагында Куран окулуп, чогулгандарга палоо берилди.