Ссылки доступа

Тажикстандан автобус менен чыккан мигранттар Москвага бир жумада жетти (видео)


Долгая дорога: таджикские мигранты неделю добирались до Москвы на автобусе
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:01:27 0:00

Тажикстандан автобус менен жолго чыккан 50дөн ашык эмгек мигранты Москвага бир жума дегенде араң жетти. Алар бул үчүн "Сафар" транспорттук компаниясын күнөөлөп, анын ишмердүүлүгүнө нааразылык билдирүүдө.

Мигранттар "Озоди" радиосуна жөнөткөн видеодо автобустагы адамдар андагы шарттарга даттанып жатканын, жүргүнчүлөрдүн арасында жаш балдар менен аялдар да бар экенин көрүүгө болот.

Мигранттардын айтымында, Москвага бараткан жолдо автобус бир нече жолу бузулуп токтоп калган.

"Биз Душанбеден 24-августта чыгып, Москвага 31-августта араң жеттик. Жолдо автобус бир нече жолу бузулду. Үч күнгө деп алган азык-түлүгүбүз да, акчабыз да түгөндү. Биз Москвага башка жүргүнчүлөрдү алып бараткан автобус менен бардык", – деди Абдулло аттуу мигрант.

Анын айтымында, алар авиабилет баасынан бир нече эсе арзан болгону үчүн автобус менен барууну чечишкен. Тажикстандан Орусияга чейин автобус билетинин баасы 1,5 миң сомонини (150 доллар) түзөт.

Жүргүнчүлөрдү Тажикстандан Орусияга автобус менен ташыган "Сафар" компаниясынын өкүлү Хуршед Мирзоев алар Душанбеден Орусиянын шаарларына жумасына беш жолудан автобус каттамын аткарып жатышканын, акыркы бир нече айдан бери бул автобус бузулуп калган алгачкы учур экенин билдирди.

"Чынында эле техникалык көйгөй болуп, жүргүнчүлөр көздөгөн жерине убадалангандан бир аз кечирээк жеткирилди. Биз алардан кечирим сурадык. Эми мындай көйгөйдү болтурбоого жана жүргүнчүлөрдү өз убагында жеткирүүгө аракет кылабыз", – деди ал.

Жыл сайын Тажикстандан жүз миңдеген киши Орусияга иштегени кетип турат. Июнь айында дээрлик эки жылдык тыныгуудан кийин Тажикстан менен Орусиянын ортосундагы темир жол каттамдары калыбына келтирилген.

XS
SM
MD
LG