Ссылки доступа

Казакстанда активист Жанболат Мамайдын камактагы мөөнөтү узартылды


Каттоодон өтпөгөн Казакстандын демократиялык партиясынын лидери, активист Жанболат Мамайдын камактагы мөөнөтү дагы бир айга, 12-октябрга чейин узартылды. Бул тууралуу анын жубайы Инга Иманбай Facebook баракчасына жазды.

Буга чейин адвокаттар Мамайдын ишинде күбө катары өтүп жаткан адамдарга басым болуп, алардан активистке каршы көрсөтмө берүү талап кылынып жатканын билдиришкен.

34 жаштагы Жанболат Мамай 26-февралдан бери камакта отурат. Ал жалган маалымат таратууга, бийлик өкүлүнө акарат келтирүүгө жана январда жапырт башаламандыктарды уюштурууга шектелүүдө. Мамай айыптоолорду четке кагып келет. Анын тарапташтары бул саясий иш экенин айтышса, укук коргоочулар активистти саясий туткундардын тизмесине кошкон.

Буга чейин Freedom House, Amnesty International, Human Rights Watch сыяктуу эл аралык укук коргоо уюмдары казак бийлигин активистти эркиндикке чыгарууга чакырышкан.

Августтун аягында Европарламенттин төрт депутатынан турган делегация Нур-Султанда парламент мажилисинин депутаттары жана Казакстан өкмөтүнүн өкүлдөрү менен жолугуп, аларды Жанболат Мамайга жана башка активисттерге карата куугунтукту токтотууга үндөгөн.

XS
SM
MD
LG