Ссылки доступа

Январда кармалган казакстандык активист Фарит Ишмухаметов тергөө абагынан чыкты


Январда кармалган семейлик активист Фарит Ишмухаметов 1-сентябрда эч жакка чыкпоо жөнүндөгү тилкаттын негизинде тергөө абагынан бошотулду.

Эки апта мурун анын апелляциясы четке кагылган.

30-августта Ишмухаметовду Өскемен шаарынан Семейге которушкан. Абактан чыгары жөнүндө маалыматты ал азаттык алардан бир жарым саат мурун камактагы башка кишиден уккан. Активист бөгөт чарасынын жумшартылганын президент Касым-Жомарт Токаевдин күн мурун калкка жолдогон "кайрылуусу" менен байланыштырды.

— Президенттин кайрылуусу таасирин тийгизди го, - деди Ишмухаметов. — Жарандар саясатка кызыга башташты. Коомдук уюмдар, адамдардын нааразылыгы президентке таасирин тийгизүүдө деп ойлом. Эл аралык уюмдар, БУУ бийликтин жарандык коомго кысымын көрүүдө.

Укук коргоочулардын маалыматына караганда, Фарит Ишмухаметов 5-6-январда Семей шаарынын борбордук аянтында өткөн жапырт митингге катышкан. Ал нааразылык акциялардын тынч мүнөздө өтүшүн колдогон, ага карбай аны башка демонстранттар менен чогуу кармап кетип, жыгач союл менен сабашкан. Активист 7-январь күнү кечинде бошотулган, кийинки күнү кайра полиция бөлүмүнө чакыртылып, ал жерден Өскемен шаарына жөнөтүлгөн. Ишмухаметовго "Жапырт башаламандыктарга катышуу" жана "Имаратка чабуул жасоо" беренелери менен кылмыш иши козголгон.

1-сентябрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Январь окуяларынын катышуучуларына бир жолку мунапыс убада кылган. Президент мунапыс оор кылмышка айыпталбагандарга колдонула турганын белгилеген. Токаев ырайымга канча киши илинерин айткан эмес. Казакстандын Башкы прокуратурасынын өкүлү Елдос Килымжанов 16-августта өткөн брифингде Январь окуялары боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында 292 шектүү камакта экенин айткан.

XS
SM
MD
LG