Ссылки доступа

Москвада бадахшандык активист Мамадбек Атобеков кармалды


Тоолуу Бадахшан автоном облусуна караштуу Мургаб районунун жарандык активисти Мамадбек Атобеков 1-сентябрда Москвада кармалды.

Жакындарынын айтымында, аны кармоого полиция кызматкерлери менен бирге Тажикстан күч түзүмдөрүнүн эки өкүлү да келген. Атобеков азыр кайсы абакта экени белгисиз, туугандары анын Тажикстанга экстрадицияланышынан кооптонууда.

Тажикстан менен Орусиянын бийлиги Атобековдун кармалышы боюнча комментарий берген жок.

Мамадбек Атобеков менен бирге бадахшандык башка бир жаран да кармалган, бирок ал бир нече сааттан кийин бошотулган.

Эки апта мурда Москвада бадахшандык башка бир жарандык активист Максуд Гаёсов да кармалган.

Pamir Daily News интернет-порталы акыркы жарым жылда Москвада тоолуу бадахшандык 20дан кем эмес киши кармалып, Тажикстанга жеткирилгенин жазды. Тажик бийлиги алар мекенине өз каалоосу менен келгенин билдирүүдө.

Укук коргоочулардын айтымында, 2005-2018-жылдар аралыгында 15тен кем эмес тажикстандык жаран уурдалган же дайынсыз жоголгон. Бул окуялардын көбүндө саясий өңүт бар экени белгиленген.

2021-жылдын ноябрь жана 2022-жылдын май айынан кийин Тажикстандын бийлиги Тоолуу Бадахшанда ондогон жарандык активистти жана нааразылык акцияларынын катышуучуларын кармаган. Бадахшандагы кырдаал былтыр ноябрда күч органдарынын операциясынын натыйжасында Рошткала айылынын тургуну Гүлбиддин Зиёбеков өлтүрүлгөндөн кийин курчуп кеткен.

Окуядан кийин аймактын айрым тургундары митингге чыккан. Аларды күч менен таркатууда эки адам каза болуп, 17 киши жаракат алган.

Хорогдо 2022-жылы 16-майда Зиёбековдун өлүмүнө күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылгандар нааразылык акциясын өткөрүп, ал күч менен басылып, тоз-тополоң менен коштолгон.

Эл аралык укук коргоо уюмдары жана бир катар Батыш өлкөлөрү буга байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, тажик бийлигин Тоолуу Бадахшан автоном облусунун тургундарынын негизги укуктарын жана эркиндиктерин урматтоого чакырган.

Видео

Видео

- Ош - Изник: 45 күндө беш өлкөдөн өткөн ардагер
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:51 0:00
XS
SM
MD
LG