Ссылки доступа

Тажикстан ооган качкындарын күч менен мекенине жөнөтүүнү улантууда


Архив сүрөт
Архив сүрөт

“Озоди” радиосунун бир нече ишенимдүү булагы Тажикстанда ооган качкындарын депортациялоо уланып жатканын кабарлады. Маалыматка караганда, акыркы үч күндө ондогон адам күч менен Ооганстанга кайтарылган.

Буга чейин БУУнун Качкындар иши боюнча жогорку комиссары Тажикстанды оогандарды күч менен депортациялоону токтотууга чакырган.

Депортацияланган оогандардын бири “Озоди” радиосуна билдиргендей, 31-августта өздөрүн коопсуздук кызматынын өкүлдөрү деп тааныштырган кишилер аны Душанбенин Рудаки районундагы базардан алып кетишкен.

"Алар документтеримди текшере турганын айтышты. Мен документтерим жайында экенин айттым. Үйүмө алып келишип: “балдарды алгыла, биз силерди УКМКнын шаардык бөлүмүнө алып барабыз” дешти. Душанбеге алып барышты, түштөн кийин алар бизди машинеге салып, чек арага жеткиришип, Ооганстанга жөнөтүп жиберишти. Эч кандай сот отуруму болгон жок, эмне үчүн депортацияланып жатканыбызды да сурай алган жокпуз, - деди ооган качкыны.

Тажик бийлиги бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартууда.

Бул арада башка бир ооган качкыны Afghanistan International телеканалына Тажикстан үч аптадан бери оогандыктарды негизсиз жана ойдон чыгарылган себептер менен депортациялап жатканын айтты:

“Соңку күндөрү оогандыктар үйлөрүндө жашынып, тышка чыкпай калышты. Бирок тажик күч кызматкерлери аларды үйлөрүнөн алып чыгып, депортациялоодо. Баарыбызда качкын күбөлүгүбүз бар жана Бириккен Улуттар Уюмунан каттоодон өткөнбүз. Эгер биз Ооганстанга кайтсак, өмүрүбүз коркунучка кептелет, себеби биз мурдагы өкмөттүн кызматкерлери болуп эсептелебиз”.

Ооганстандын Душанбедеги элчилигинин өкүлдөрүнүн бири соңку үч күндө Тажикстандан 60тай ооган депортацияланганын кабарлады.

Тажикстанда 10 миңдей ооган жараны жашайт. Алардын көбү талибдерден коркуп качып келгенин айтышат. Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө экстремисттик деп табылган кыймыл бир жылдан бери Ооганстанды башкарып келет. Эл аралык коомчулук аларды адам укуктарын жана эркиндиктер басмырлоого айыпташууда.

XS
SM
MD
LG