Ссылки доступа

Кыргызстан АКШдан туристтик визанын мөөнөтүн узартууну суранды


Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы элчиси Бакыт Аманбаев АКШнын Мамлекеттик катчысынын Түштүк Азия жана Борбор Азия өлкөлөрү боюнча жардамчысынын орун басары Брайн Стиммлер менен жолугушууда кыргыз жарандары үчүн визалык режимди жеңилдетүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүндү.

Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, элчи АКШга окууга өткөн кыргызстандык студенттерге виза берүүнү жеңилдетип, алар үчүн өзүнчө кезек уюштурууну жана туристтик визаны беш жылдык эмес, 10 жылдык мөөнөткө узартуу зарылдыгын белгиледи.

Брайн Стимлер АКШнын Кыргызстандагы элчилигинде виза алууга байланыштуу түзүлгөн кырдаалдын себептерин иликтеп, жообун берүүнү убада кылды.

"Жолугушуу учурунда Бакыт Аманбаев АКШнын Оруссияга карата киргизген эл аралык санкцияларынан улам айрым кыргызстандык ишканалардын акчасы америкалык банктар тарабынан кармалып жаткандыгын белгилеп, аны чечүү боюнча сунуштарын ортого салды. Натыйжада, тараптар аталган маселени жакынкы келечекте чечүүнү тездетүү максатында АКШнын жоопкерчиликтүү мамлекеттик органдарынын катышуусунда эки тараптуу жана көп тараптуу жолугушууларды өткөрүүнү макулдашышты", - деп жазылган маалыматта.

Буга чейин жергиликтүү маалымат каражаттар АКШга виза алууга жазылуу үчүн 2023-жылга чейин орун жок экенин жазышкан. Муну АКШ элчилигинин басма сөз катчысы Нолен Жонсон Limon.kg басылмасына курган маегинде COVID-19 пандемиясына байланыштуу чектөөлөр алынганда виза алууну каалагандардын агымы көбөйгөндүгү менен түшүндүргөн.

XS
SM
MD
LG