Ссылки доступа

Казакстан ИИМи үй-бүлөдө зомбулук жасагандарды кара жумушка тартууну сунуштоодо


Казакстанда үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту экинчи ирет жасагандарды камоо мөөнөтү 20-25 күнгө узартат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн ички иштер министри Марат Ахмеджанов билдирди.

Ал “кызыл камчыларга” административдик эскертүү берүүнүн ордуна аларды коомдук жумуштарга тартуу пландалып жатканын айтты.

“Бул – көчөлөрдү, коомдук жайларды тазалоо, жол салуу жана ремонттоо, шаар аймагын көрктөндүрүү жана башка социалдык-пайдалуу иштер. Жазанын мындай түрү потенциалдуу мыйзам бузуучуларга жүрүм-турумдарды көзөмөлдөөгө мотивация берет”, - деди министр.

Эгер өзгөртүүлөр кабыл алынса, административдик камактын эң төмөнкү мөөнөтү беш суткадан башталып, экинчи жолу кайталаган абьюзерлер 20-25 суткага чейин камалат.

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев үй-бүлөлүк зордук-зомбулук жасагандарга жазаны күчөтүүгө чакырган.

БУУнун маалыматка караганда, Казакстанда жыл сайын 400дөй аял күйөөсүнүн же өнөктөшүнүн колунан каза табат.

XS
SM
MD
LG