Ссылки доступа

ХАМАС Газада "израиль тыңчыларын" өлүм жазасына тартты


Газанын палестиналык аймагын көзөмөлдөгөн ХАМАС 4-сентябрда беш киши өлүм жазасына тартылганын билдирди. Алардын экөө 2009чу жана 2015-жылдары Израилдин пайдасына тыңчылык кылган деп шектелип жаткан.

Палестинанын аймагында өлүм жазасы 2017-жылдан бери алгачкы жолу ишке ашырылды. Эл аралык укук коргоо уюмдары ХАМАСтын бул аракетин айыптап, мындай тажрыйбаны токотууга чакырышты.

ХАМАСтын билдирүүсүндө өлүм жазасына тартылган адамдардын аты-жөнү жазылган эмес. Алардын үчөө адам өлтүрүү үчүн соттолгон. Бул тууралуу ХАМАС Израилге расмий кабар берди. Израиль өкмөтү бул билдирүү боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Палестина автономиясынын президенти Махмуд Аббас өлүм жазасына тартылгандарга расмий түрдө ырайым берүүгө укуктуу. Бирок ал ХАМАС көзөмөлдөп турган Газа секторунда өз жарлыктарынын аткарылышын натыйжалуу көзөмөлдөй албайт.

XS
SM
MD
LG