Ссылки доступа

Өзбекстандыктарга ШКУ саммити өтө турган күндөрү Самаркандга барбай туруу сунушталды (видео)


Самарканд шаардык ички иштер башкармалыгы 14-сентябрдан 17-сентябрга чейин шаарга кирүүгө чектөөлөр болорун эскертип, жарандарга бул күндөрү Самаркандга келбей турууну сунуштады.

Бул чаралар Самаркандда өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитине байланыштуу кабыл алынып жатканы кабарланды.

Маалыматка караганда, саммитке байланыштуу шаардагы 16 көчө автоунаалардын кыймылы үчүн жабылат. Айрым учурларда бул көчөлөрдөн тез жардам жана авариялык-куткаруу кызматтарынын автоунааларынын өтүүсүнө гана уруксат берилет. Транзиттик транспорт каражаттары үчүн айланып өтүү жолдору уюштурулат.

Буга чейин "саммитке Путиндин келери күтүлүп жатканына байланыштуу" шаарда коопсуздук чаралары күчөтүлгөнү кабарланган.

14-16-сентябрь күндөр Самарканддагы аэропорт да жабык болот. Облустук билим берүү башкармалыгы Самарканд мектептеринде сабактар 19-сентябрда башталарын билдирген.

ШКУнун кезектеги саммити Самарканд шаарында 15-16-сентябрь күндөрү өтөт. Уюмга Кытай, Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Өзбекстан, Тажикстан, Индия, Пакистан жана Иран мүчө. Ооганстан, Монголия жана Беларус байкоочу макамына ээ.

XS
SM
MD
LG