Ссылки доступа

Ашхабад Түркиядан түркмөн жарандары үчүн виза режимин киргизүүнү өтүндү


Түркмөнстандын бийлиги түркмөн жарандары үчүн виза режимин киргизүү өтүнүчү менен Түркияга кайрылды. Бул тууралуу Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.

Мекеменин сайтындагы маалыматка караганда, "Түркмөнстан өз жарандарынын Түркияда жүрүү эрежелерин жакшыртуу жана колдоо үчүн Анкарага убактылуу виза режимин киргизүү өтүнүчү менен кайрылган".

"Азаттыктын" түркмөн кызматы виза режиминин киргизилиши Түркияда иштеп жүргөн миңдеген түркмөн жарандарына кедергисин тийгизерин жазды.

Буга чейин Түркмөнстандын жарандары Түркияга визасыз эле кирип, өлкөдө 30 күнгө чейин жүрө алчу. Ушундан улам Түркия түркмөн эмгек мигранттары үчүн иштөөгө ыңгайлуу мамлекеттердин бири болчу. Алардын саны канча экени так белгисиз. Маалымат боюнча Түркияда 20 миңге жакын түркмөнстандык студент окуйт.

XS
SM
MD
LG