Ссылки доступа

Кыргызстанда буддисттердин 1000 жыл мурдагы храмынын урандылары коомчулук үчүн ачылды (видео)


В Кыргызстане раскопали средневековый буддийский храм: с этой недели он открыт для посетителей
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:28 0:00

Чүй облусундагы Красная Речка айылынын чыгыш тарабында буддисттердин миң жылдык тарыхы бар храмындагы реставрациялык долбоор дээрлик аяктап калды. Ушул жумадан тарта каалоочулардын баары байыркы имараттын дубалдарын көрүп кетсе болот.

Археологдор храм VII-X кылымдарда курулган деп болжолдоп жатышат. Биринчи караганда чоподон жасалган урандылар анчалык деле кызык эмес көрүнүшү мүмкүн, бирок алардын чыныгы баалуулугу археологдор менен экскурсия жасагандан кийин гана түшүнүктүү болот.

"Красная Речкадагы бул байыркы буддист храмы бышпаган кыштан жасалган жалгыз объект болуп эсептелет. Биздин орто кылымдагы археологиябыздын баары бышпаган кыштан турат. Айрымдарын эске албаганда таштан салынган же бышкан кыштан тургузулган имарттар дээрлик жокко эсе. Басымдуу бөлүгү начар сактала турган чоподон жасалган. Бул болсо ошол сыяктуу жалгыз музейлешкен объект болуп эсептелет", ​–​ деди археолог Валерий Кольченко.

Храмдын мурдагы кооздугун элестетүү кыйла оор. Бирок буга археологдор даярдаган реконструкция жарым-жартылай жардам берет. Храмдын дубалдары менен шыбына сүрөттөр тартылган, кире беришинде келгендерди скульптуралар тосуп алат. Монастырдын коридорлорунун биринен нирванадагы Будданын 11 метрлик айкелин көрүүгө болот. Ал айкелдин бөлүктөрү азыр Санкт-Петербургдагы мамлекеттик Эрмитажда сакталууда.

"Будданын денеси кыштан тургузулуп, жогору жагы чопо менен капталган: анын кийими, колдору, башы ушундай жасалган. Буддист аны толук көрө алган эмес, анткени дубалдар тосуп турган. Ал Будданын кайсы бир бөлүгүн гана, бетин, колдорун же буттарын гана көрө алган. Бирок ага колун тийгизүү – кандайдыр бир ыйыктыкка ээ болуу катары эсептелген өңдүү", – деди Кольченко.

Тарыхчыларда буддисттердин Чүй өрөөнүнө келүүсүнүн бир нече версиясы бар: алардын арасында Кытай, Индия жана башка аймактар жөнүндө айтылат. Бирок бул боюнча так-кесе айтуу үчүн кошумча изилдөө иштери талап кылынат. Бул жердеги археологиялык казуу иштери 150 жылдан бери уланып келет. Андан бери жыл сайын түрдүү өлкөлөрдөн жаш окумуштуулар келип, өз элдеринин "издерин" таап кетишет.

"Түрктөр бул жакка Индия жана Иран тараптан келишкен. Алар көчмөн эл болуп, көчмөн эмес элдер менен ассимиляция болгон. Ассимиляциядан кийин айрым түрктөр буддизмди кабыл алышкан",– деди Кыргыз-түрк Манас университетинин магистранты Озан Турхан.

Красная Речкадагы байыркы шаардын урандылары ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастарынын тизмесине кирген. Археологдор алардын негизги максаты – андагы объектилердин мурдагы абалын калыбына келтирүү эмес, тарыхый эстеликтерди сактап калуу экенин айтып келишет. Ошондуктан храмдагы реставрациялык иштердин негизги бөлүгү – коргоо дубалдарын тургузуу болуп эсептелет.

XS
SM
MD
LG