Окуя 6-сентябрь күнү эртең менен Саин менен Шаляпин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
Бүгүн соцтармактарда жарыяланган кадрлардан жалынга чулганган автобусту көрүүгө болот. Окуядан улам көчөлөрдүн кесилишинде тыгын пайда болгон. Өзгөчө кырдаалдар департаменти кабарлагандай, жалын өрт өчүрүүчүлөр келгенден 20 мүнөт өткөн соң өчүрүлгөн.