Ссылки доступа

Эки жылдык тыныгуудан кийин Хожент-Волгоград поезди жүрө баштайт


Эки жылдык тыныгуудан кийин 7-сентябрда 10 вагондуу жүргүнчү ташыган алгачкы поезд Хоженттен Орусиянын Волгоград шаарына жөнөп кетет. Бул тууралуу "Тажик темир жолдору" мамлекеттик ишканасы кабарлады.

Мекеменин басма сөз катчысы Анваржон Латифзода поезд 614 жүргүнчүгө ылайыкташканын, 5-сентябрдын кечине карата 400дөн ашык билет сатылганын билдирди. Анын айтымында, бул багыт боюнча поезд ар шаршемби сайын жүрүп турат. Вагондордун түрүнө жараша билет баалары 1200 сомониден 1300 сомониге (120-130 доллар) чейин сатылат.

Бул коронавирус пандемиясынан кийин Тажикстан менен Орусиянын ортосунда ачылган үчүнчү темир жолу каттамы болуп калды. 16-августта Кулябдан, 27-августта Душанбеден Волгоград шаарына поезд каттамдары аткарыла баштаган.

Эми жүргүнчү поезддери ар шейшемби сайын Кулябдан, шаршемби сайын Хоженттен жана ишемби сайын Душанбеден Волгоградга каттап турушат.

Орусия COVID-19 пандемиясына байланыштуу 2020-жылы мартта Тажикстан менен темир жол байланышын токтоткон.

XS
SM
MD
LG