Чет элдик паспорт алуу үчүн бардык кызмат көрсөтүү борборлоруна же ички иштер органдарына кайрылса болот.
Бул арада кагаз түрүндө анкета-арыз толтуруу тажрыйбасы толугу менен жоюлду. Эми ал электрондук форматта гана толтурулат. Кызмат акысын QR-кодду сканирлөө аркылуу жүргүзүүгө болот.
Мындан тышкары талап кылынчу документтердин саны да кыскартылды. Алардын арасында аскердик билеттин көчүрмөсүн жана 18-27 жаштагылардан аскер комиссариаттардан маалымкат талап кылуу жокко чыгарылды.
Мындан ары эгер ата-энелер жашы жете элек балдарына паспорт алуу үчүн кайрылса, алардан макулдук үчүн нотариалдык кепилдик талап кылынбайт.