Ссылки доступа

Москвада бадахшандык блогер Комёр Мирзоев кармалды


Блогер жана волонтер Комёр Мирзоев 5-январь күнү Москвада кармалганы белгилүү болду.

Pamir Daily News интернет-порталы хорогдук Комёр Мирзоев соцтармактарда Комчек Мирзоев ысымы менен белгилүү экенин жазды.

Блогердин эки жакыны 6-сентябрда “Озоди” радиосуна полиция кызматкерлери Комёр менен бирге жашаган кишилерди да кармап кетинин айтты. Азырынча алар жөнүндө эч нерсе белгисиз. Редакциянын маектештери Комёр соцтармактагы билдирүүлөрү үчүн кармалганын божомолдошуп, ал Тажикстанга экстрадиция болушу ыктымал экенинен кооптонушууда.

Комёр Мирзоев соцтармактарга негизинен Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунун жашоочуларынын көйгөйлөрү жөнүндө жазган.

Акыркы бир аптада Москвада ушуну менен экинчи бадахшандык кармалды. 1-сентябрда мургабдык жарандык активист Мамадбек Атобековду кармап кетишкен. Өткөн айда полициячылар жарым жылдан бери Москвада жашаган бадахшандык активист Максуд Гаёсовди кармаган.

Pamir Daily News интернет-порталы акыркы жарым жылда Москвада тоолуу бадахшандык 20дан кем эмес киши кармалып, Тажикстанга жеткирилгенин жазган. Тажик бийлиги алар мекенине өз каалоосу менен келгенин билдирүүдө.

2021-жылдын ноябрь жана 2022-жылдын май айынан кийин Тажикстандын бийлиги Тоолуу Бадахшанда ондогон жарандык активистти жана нааразылык акцияларынын катышуучуларын кармаган. Бадахшандагы кырдаал былтыр ноябрда күч органдарынын операциясынын натыйжасында Рошткала айылынын тургуну Гүлбиддин Зиёбеков өлтүрүлгөндөн кийин курчуп кеткен.

Окуядан кийин аймактын айрым тургундары митингге чыккан. Аларды күч менен таркатууда эки адам каза болуп, 17 киши жаракат алган.

Хорогдо 2022-жылы 16-майда Зиёбековдун өлүмүнө күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылгандар нааразылык акциясын өткөрүп, ал күч менен басылып, тоз-тополоң менен коштолгон.

Эл аралык укук коргоо уюмдары жана бир катар Батыш өлкөлөрү буга байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, тажик бийлигин Тоолуу Бадахшан автоном облусунун тургундарынын негизги укуктарын жана эркиндиктерин урматтоого чакырган.

Видео

Видео

Улуу көчтү улаган вандык кыргыздар
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:50 0:00
XS
SM
MD
LG