Ссылки доступа

Тажикстанда исмаилиттердин диний билим берүү уюму жабылганы кабарланды


Душанбедеги исмаилит борбору
Душанбедеги исмаилит борбору

Тажикстандагы Исмаилиттер агымынын Диний билим берүү боюнча кеңеши  (ITREB - Ismaili Tariqahand Religious Education Board) жабылды. Бул тууралуу “Озодинин” өз булактары билдирди. Тажик бийлиги бул уюмду жапканын жокко чыгарып, анын ишине байланыштуу маселе азыр каралып жатканын маалымдады.

Тоолуу Бадахшан автономдуу облусундагы Жамааттарды өнүктүрүү комитетинин бир кызматкери өткөн аптада аймактагы жамааттардын баары текшерилгенин айтты. Өткөн айда Дин комитетинин жумуш тобу Бадахшанга барган.

"Биз жумуш тобунун кортундусун күтүп жатабыз. Исмаилиттер тарикатынын диний билим кеңеши менен Жамааттарды өнүктүрүү комитетинин ишмердүүлүгүнө карата кандай чечим чыгары белгисиз", - деди атын атагысы келбеген өз булак.

Тоолуу Бадахшандын Жамааттарды өнүктүрүү комитети 2012-жылы Душанбеде, эки жылдан кийин Хорогдо түзүлгөн. Уюм расмий түрдө каттоодон өткөн.

Хорогдун үч жашоочусунун айтымында, быйыл майда аймакта жагдай курчуп кеткенден кийин жергиликтүү жамаатканалардын диний билим берүү иши токтотулган.

Тоолуу Бадахшан автономдуу облусу – Тажикстандын чыгыш бөлүгүндө жайгашкан ири аймак. 2021-жылдын башында чөлкөмдө 250 миң киши жашаган. Калктын басымдуу бөлүгү исмаилизмди (Исламдын шиит багытынын бир бутагы) тутат.

XS
SM
MD
LG