Ссылки доступа

Ташкент-Душанбе поездинин билети 20% арзандады


Быйыл 6-сентябрдан баштап Душанбе-Ташкент-Душанбе багыты боюнча каттаган эл аралык жүргүнчү поездинин билети 20 пайызга арзандады.

«Узтемирйуловчи» мекемесинин басма сөз кызматынын кабарлашынча, «Өзбекстан темир жолдору» менен «Тажикстан темир жолдору» компанияларынын башчыларынын дүйшөмбүдөгү сүйлөшүүлөрүндө ушундай чечим кабыл алынган.

Мунун алдында, Тажикстан президентинин Өзбекстанга сапары учурунда 20-июндан баштап Ташкент-Душанбе жүргүнчү поезддин жолго чыгаруу жөнүндө келишим түзүлгөн.

«Өзбекстан темир жолдору» компаниясынын сайтында Ташкент-Душанбе каттамы боюнча билеттин баасы 478440 сумдан ( $44 тегереги) башталары жазылган.

Душанбе менен Ташкенттин аралыгы 916 чакырым. Жол жүрүү убактысы – 21 саат.

Эл аралык жүргүнчү поезд жумасына бир жолу каттайт.

XS
SM
MD
LG