Депутат Ырысбек Атажанов Ички иштер министрлигинин (ИИМ) жетекчилигин парламенттин жыйынына чакырып, алардан Кадамжайдагы окуя боюнча маалымат алууну сунуш кылды:
“Бул улуттук трагедия болуп жатат. Бир эле жолу эмес, жылда болууда. Бүгүн сөзсүз укук тартибин коргоо органдарынын маалыматын уксак ушул окуя боюнча. Чечкиндүү кадамдарга барсак, мыйзамдарды өзгөртүп, педофилдерге өлүм жазасын киргизсек жакшы болот эле”.
Балага зордук көрсөткөндөрдү катуу жазалоо керектигин депутаттар Алишер Козуев жана Тазабек Икрамов да айтып, бул үчүн мыйзамдарды өзгөртүүнү сунуш кылышты. Депутат Чолпон Султанбекова парламентте бул көйгөйгө байланыштуу атайын «өкмөттүк күн» өткөрүү зарылдыгын айтты.
Депутат Марлен Маматалиев жазалоо чаралары күчөтүлгөн мыйзам жакында кабыл алынганын, бирок өлүм жазасына Кыргызстандын Конституциясы жол бербей турганын кошумчалады.
4-сентябрда Баткен облусунун Кадамжай районундагы Ноогардан айылында 14 жаштагы кыздын колу тушалган, мойнунда муунтуунун тактары калган сөөгү табылган. Бул кылмышка шектүү катары 24, 25 жана 27 жаштагы үч жергиликтүү тургун кармалды. Айрым маалымат булактары кыз зордуктоого кабылып өлтүрүлгөнүн жазып чыгышты.
6-сентябрда президент Садыр Жапаров “Кадамжайдагы мыкаачылыкты баарыбыз жектейли” деп чакырды жана иштин тергелишин жеке өзү көзөмөлдөй турганын айтты. Башкы прокуратура күнөөлүүлөр өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экенин билдирди.