Ссылки доступа

Казакстанда "Тасбулат Ойл Корпорэйшн" компаниясынын жумушчулары маяналарды жогорулатууну талап кылууда


Казакстандын Маңгыстау облусунда мунай өндүрүүчү "Тасбулат Ойл Корпорейшн" компаниясынын жүздөн ашык кызматкери айлык акыны 100% жогорулатууну талап кылышты.

Жумушчулар 6-сентябрь күнү эртең менен өлкө президенти Касым-Жомарт Токаевдин, энергетика министри Булат Акчулаковдун, Маңгыстау облусунун башчысы Нурлан Ногаевдин жана мажилис депутаты Едил Жанбыршиндин атына видеокайрылуу жасап, алардан маянаны жогорулатуу маселесин чечип берүүнү өтүнүштү.

Кайрылууда жумушчулар инфляция өскөнүн, ошол эле маалда мунай кымбаттап, баррели 90 доллардан сатылып жатканын белгилешти. "Көптөгөн товарлар, анын ичинде азык-түлүк менен дары-дармек кымбаттап, күн өткөн сайын айлыгыбыз нарксызданып жатат. Көпчүлүгүбүз көп балалуубуз. Бүгүнкү күндө мунайдын баасы 90 доллардан жогору болууда. Бул компаниянын кирешеси өткөн жылдагыга салыштырмалуу көбөйдү дегенди билдирет", – деди жумушчулар видеокайрылууда.

Алар азырынча жумуштарын токтотпогонун, "арбитраждык комиссиянын жообун" күтүп жатышканын кошумчалашкан.

Жумушчулардын айтымында, компаниядагы орточо айлык 300 миң теңгени (630 доллар) түзөт. Бүгүнкү күндө компанияда иштеген 165 кишинин 111и айлыкты жогоруталууну талап кылууда.

"Тасбулат Ойл Корпорэйшн" компаниясы Маңгыстау облусундагы Тасбулат, Актас жана Түркмөн кендерин иштетет.

2021-жылы румыниялык OMV Petrom энергетикалык компаниясы "Ком-Мунай" жана "Тасбулат Ойл Корпорейшн" компанияларындагы үлүшүнүн 100% саткан. Активдерди 2013-жылы негизделген казакстандык Magnetic Oil Limited компаниясы сатып алган.

Видео

Видео

- Ош - Изник: 45 күндө беш өлкөдөн өткөн ардагер
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:51 0:00
XS
SM
MD
LG