Ссылки доступа

Комиссия: камактагы каркалпакстандык активист Даулетмурат Тажимуратовдун кармоо шарттарына дооматы жок


Каракалпакстанда июлдун башында болгон окуяларды иликтөө үчүн түзүлгөн комиссиянын мүчөлөрү Үргөнч шаарындагы №11 тергөө абагына барып, Даулетмурат Тажимуратов менен жолугуп чыгышты. Бул тууралуу өлкөнүн Акыйкатчы институту кабарлап, бирок жолугушуунун датасын билдирген жок.

Мекеменин маалыматына караганда, Тажимуратов адвокат менен камсыз болгонун, аны менен жолугууга эч кандай тоскоолдуктар болбогонун, үй-бүлө мүчөлөрү менен кыска убакытка көрүшкөнүн айткан. Мындан тышкары ал тергөөнүн жүрүшүндө жана тергөө абагында ага кыйноого алуу же басым көрсөтүү учурлары болбогонун, кармоо шарттарына жана тамак-аштын сапатына эч кандай дооматы жок экенин кошумчалаган.

Даулетмурат Тажимуратов Нукус шаарындагы окуяларга байланыштуу шектүү катары камакка алынган. Ал өз тарапташтарын Өзбекстан Конституциясындагы Каракалпакстандын макамы тууралуу беренени өзгөртүүгө каршы 5-июлда тынч митингге чогулууга чакырган. Бул билдирүүсүнөн кийин ал кармалып, Нукустагы наарызылык акциясы жапырт мүнөзгө ээ болгон.

Видео

Видео

Улуу көчтү улаган вандык кыргыздар
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:50 0:00
XS
SM
MD
LG