Ссылки доступа

БШК өкүлү: Назарбаев президенттик шайлоого катыша алат


Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Шавкат Утемисов мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоодо өлкөнүн мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев өз талапкерлигин көрсөтө ала турганын билдирди.

Утемисов бул тууралуу мурдагы президенттин тун кызы, парламент сенатынын мурдагы төрагасы Дарига Назарбаева президенттикке талапкерлигин кое алабы деген суроого жооп берип жатып айтты.

"Албетте, ал кое алат. Нурсултан Назарбаев да койсо болот. Талапкерлерге коюлган талаптарга жооп берген кишинин баары талапкерлигин жылдыра алат", - деди Утемисов.

Өткөн аптада юстиция министринин орун басары Алма Муканова Нурсултан Назарбаев президенттик шайлоого катыша албай турганын билдирген.

"Республикалык референдумда кабыл алынган өзгөртүүлөргө ылайык, эки жолу катары менен шайлана албайт деген талап биринчи президентке тиешелүү эмес деген норма алынып салынган", - деген Муканова.

Казакстандын шайлоо тууралуу мыйзамына ылайык, бир эле киши эки жолу президент болуп шайлана албайт. Казакстан июнда Конституцияны өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү боюнча референдум өткөрүп, Баш мыйзамда Назарбаев жөнүндө жазылгандардын баарын алып таштаган. Арасында туңгуч президент катары менен эки жолу президент болуп шайлана алат деген пункт да алынган.

XS
SM
MD
LG