Ссылки доступа

Венгрия ЕБден Алишер Усмановду санкциялык тизмеден чыгарууну өтүндү


Венгрия Европа биримдигинен (ЕБ) санкциялык тизмеден орусиялык бизнесмендер Алишер Усмановду, Петр Авенди жана Виктор Рашниковду чыгарууну өтүндү. Бул тууралуу Politico басылмасы кабарлады.

Будапешт бул өтүнүчү орундалса, Орусияга каршы киргизилген санкцияларды узартууга каршы болбоого убада берди.

Евробиримдикте Москвага каршы киргизилген санкцияларды узартуу-узартпоо жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн 15-сентябрга чейин убакыт бар. 7-сентябрда бул маселени ЕБге мүчө өлкөлөрдүн элчилери талкуулайт.

Санкциялык тизме ЕБдин бардык мүчөсүнүн макулдугу менен кабыл алынат.

Алишер Усманов менен Петр Авен февралдын аягынан бери ЕБдин санкциялык тизмесинде. Альянстын расмий журналында Усманов "Орусиянын президенти Владимир Путин менен өтө тыгыз байланышы бар кремлчил олигарх" деп мүнөздөлгөн. Алишер Усманов Путиндин бизнесиндеги көйгөйлөрдү чечүүгө катышы бар деп божомолдонуп келет.

Авен да Кремлге жакын жана Путин менен ырааттуу түрдө жолугуп турган таасирдүү 50 орус бизнесмендин катарында. Брюссель ал Путинсиз иш кыла албайт деп эсептейт.

Виктор Рашников Орусиядагы эң ири салык төлөөчү. Ал "Магнитогорск металлургиялык комбинатынын" ээси катары санкцияга кирген.

XS
SM
MD
LG