"Быйылкы жана андан кийинки шайлоолордо өз талапкерлигимди койбой турганымды расмий түрдө билдирем. Бирок Касым-Жомарт Токаевдин талапкерлигин колдойм", – деди Кошанов.
Мындан тышкары ал Конституцияга президенттик кызматтын жети жылдык мөөнөтү боюнча өзгөртүүлөрдү мамлекет башчысы киргизе турганын кошумчалады. "Чечимди президент кабыл алат. Эгер тиешелүү чечим болсо, анда Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жетишип, шайлоону жылдын аягына чейин өткөрүүгө да болот", – деди Кошанов.
Өткөн жумада Токаев элге кайрылуусунда быйыл күзүндө кезексиз президенттик шайлоо өтөрүн жана ага катышууга ниеттип жатканын айткан. Мындан тышкары ал президенттин ыйгарым укуктарын беш жылдан жети жылга чейин узартып, президентке экинчи жолу шайланууга тыюу салууну сунуштаган. "Шайлоодон кийин президенттин ыйгарым укуктарын бир мөөнөт менен чектөө демилгесин көтөрүп, парламенттин кароосуна алып чыгам", – деген Токаев.
Эртеси мажилис депутаттарынын тобу Казакстандын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү керектигин айтып чыгышкан. Алар көтөргөн демилгелердин арасында борбор шаардын мурдагы аталышын кайтаруу жана президенттин бир жолку жети жылдык мөөнөтү тууралуу норманы шайлоо өнөктүгү башталганга чейин киргизүү демилгелери да бар.
"Нур Отан" партиясы быйыл 1-мартта өткөн кезексиз сессиясында аталышын "Аманат" деп өзгөрткөн. 28-мартта Токаев Нурсултан Назарбаевдин ордуна партиянын лидери болуп шайланган. Бирок үч айдан кийин "мамлекет башчысы саясий жактан нейтралдуу болуп, бир да партияга артыкчылык бербеши керектигин" айтып, партиядан чыккан. Анын ордуна Ерлан Кошанов лидер болуп шайланган.