7-сентябрда Душанбе шаарынын Сино райондук сотунда башталган отурумда Мавлоназаров "Конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө чакырык жасоо" жана "Бийлик өкүлүн кемсинтүү" беренелери боюнча айыпталып жатканы белгилүү болду.
Мавлоназаровдун жакындарына сот ачык өтөрү айтылганы менен отурумга журналисттер киргизилген жок.
Мамадсултон Мавлоназаров 16-июнь күнү эртең менен Душанбедеги үйүндө кармалган. Анын жакындарынын бири өткөн жумада тергөө абагына барып, Мамадсултонго жолугуп чыкканын айткан. "Мамадсултон саламаттыгына даттанган жок. Ал "Фейсбукта" жазгандарынын баары чын экенин, аны каалаган адам текшерип көрсө болорун айтты. Ал айыптоолорду четке кагып, күнөөсүз экенин билдирди", – деген айыпталуучунун аты-жөнүн айтуудан баш тарткан тууганы.
72 жаштагы Мамадсултон Мавлоназаров өткөн кылымдын 70-жылдары "Комсомоли Точикистон" гезитинде кабарчы болуп иштеп, кийин Тажикстандын Улуттук коопсузук комитетине ишке кирген. Ал жерде 25 жыл иштеп, акыркы кездери "Фейсбуктагы" баракчасына өлкө УКМКсынын азыркы жетекчилигин сындаган билдирүүлөрдү жазып келген.