Ссылки доступа

Өзбекстанда бала бакчадан качып чыккан төрт жаштагы бөбөк дарыяга чөгүп кетти


Фергана облусундагы №23 мамлекеттик бала бакчанын төрт жаштагы тарбиялануучусунун дарыяга чөгүп кетишине мекеме кызматкерлеринин шалаакылыгы себеп болгон. Бул тууралуу Өзбекстандын Башкы прокуратурасы кабарлады.

"Комплекстик текшерүүнүн жыйынтыгында бала бакчада бир катар мыйзам бузуулар жана кесиптик шалаакылык аныкталды. 21-июлда мекеменин жетекчилиги менен кызматкерлеринин шалаакы мамилесинен улам төрт жаштагы бала бакчадан өз алдынча чыгып, үйүнө бараткан жолдо тайгаланып дарыяга кулап, чөгүп кеткен", – деди Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Хает Шамсутдинов.

Ал текшерүүнүн жүрүшүндө маркум бала буга чейин да бир нече жолу бакчадан өз алдынча чыгып жүргөнү аныкталганын, бирок мекеме кызматкерлери муну жетекчиликтен жашырып, тийиштүү чараларды көрбөгөнүн кошумчалады.

№23 бала бакчанын жетекчилиги менен кызматкерлерине "Кесиптик милдеттерин тиешелүү деңгээлде аткарбоодон улам адам өлүмүнүн кыйылышы" жана "Өзүнө ыйгарып алуу жолу менен акча уурдоо" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.

XS
SM
MD
LG