Ссылки доступа

Эрдоган: Батыш Орусияга карата "чагымчылдыкка негизделген" саясат жүргүзүүдө


Түркиянын президенти Режеп Эрдоган Батыш өлкөлөрү Орусияга карата "туура эмес" жана "чагымчылдыкка негизделген" саясат жүргүзүп жатат деп эсептейт. Бул тууралуу түрк лидери Белградда Сербиянын президенти Александр Вучич менен жолуккандан кийин билдирди.

Эрдоган "Орусияны төмөн баалабоого" чакырып, ошол эле маалда Түркия орус-украин жаңжалында "туруктуу" курсту карманып келерин белгиледи.

Түркия Орусиянын Украинага кол салуусун кескин айыптап жаткан НАТОго мүчө. Буга чейин Эрдоган баштаган Түркиянын бир катар бийлик өкүлдөрү Крым эл аралык деңгээлде таанылган Украинанын бөлүгү экенин бир нече жолу билдиришкен. Ошол эле маалда Анкара Орусияга каршы санкцияларды киргизген жок. Орусия Украинага кол салгандан кийин Эрдоган Владимир Путин менен да, Владимир Зеленский менен да бир нече жолу жолуккан.

Быйыл жазында Стамбулда украин жана орус делегацияларынын сүйлөшүүлөрү өткөн. Мындан тышкары ошол эле шаарда Түркиянын жана БУУнун ортомчулугу менен украин портторунан дан азыктарын чыгарып кетүү тууралуу макулдашууга да кол коюлган.

7-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин Батышты украин данын экспорттоо боюнча келишим түзүүдө жакыр өлкөлөрдү алдаган деп айыптап, макулдашууну кайрадан карап чыгуу керектигин белгиледи. Өз кезегинде Киев келишимдеги бардык милдеттенмелерин аткарып жатканын айтып, Орусия шантаж жасоого аракет кылып жатканын билдирди.

XS
SM
MD
LG