Ссылки доступа

Чымкентте Январь окуялары боюнча соттолгон активисттердин тарапташтары аларды толук актоону талап кылышты


7-сентябрда Казакстандын Чымкент шаарында жарандык активисттер Ляззат Досмамбетованын, Кайрат Султанбектин жана Жанмурат Аштаевдин тарапташтары шаардык соттун алдына чогулуп, активисттерге тагылган айыптарды алууну жана аларды тез арада эркиндикке чыгарууну талап кылышты.

Үч активист тең январдын башындагы нааразылык акциялар маалында "жапырт башаламандыктарга катышкан" деп айыпталууда. Июлда Аль-Фараби райондук соту Ляззат Досмамбетованы 3 жыл 7 айга, Жанмурат Аштаевди 3 жыл бир айга жана Кайрат Султанбекти 1,5 жылга эркинен ажыраткан.

Апелляциялык арыздар карала баштаган шаршемби күнү сот имаратынын алдына активисттердин жакындары менен тарапташтарынан турган жүзгө жакын киши чогулду. Алар колдоруна "Кандуу январь" деген плакаттарды кармап, "Боштондук!" деп кыйкырышты.

Соттун өкүлү залга каалоочулардын баары батпай турганын айтып, отурумга 27 гана киши киргизле турганын айтты. Чогулгандардын нааразылыгына карабастан сот залына адвокаттар, журналисттер жана соттолуучулардын жакындары гана киргизилди. Кайрат Султанбектин жубайы жана коомдук коргоочусу Ардак Сатпаева отурумга чогулгандардын баарын киргизүү өтүнүчү менен сотко кайрылды. Бирок судья көп адам "ишти кароого тоскоолдук кыларын" билдирип, өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартты.

Апелляциялык арыздарды кароо соттолуучулардын катышуусусуз өттү. Сот "жазаларын катаалдатуу маселеси каралбагандыктан", алардын катышуусунун зарылдыгы жок экенин айтты.

Адвокат Абдираман Аккулов айыпталуучулардын аракетинде "Жапырт башаламандык" беренесинде каралган белгилер жок экенин айтты. Анын айтымында, буга чейинки отурумдарда айыптоо тарап "Чымкенттеги жапырт башаламандыктар келтирген жалпы чыгымды айтып, бирок ага активисттерди тиешеси бар экенинин бир да далилин келтирген эмес".

"Айыпталуучулардын аракетинен зыян тартты деген жабырлануучулар да жок. Күнөөсүз адамдарды коргоо өтө оор. Үч айыпталуучу тең 4-январда үйлөрүндө болушкан. Муну кантип далилдейм? Тескерисинче, айыптоочулар алар аянтта болуп, имараттар менен автоунааларды талкалап, өрттөгөнүн далилдесин", – деди адвокат.

Активист Жанмурат Аштаевдин кош бойлуу жубайы Молдир Нуранова күйөөсүн актоону же жок дегенде түрмөдөгү мөөнөтүн шарттуу жазага алмаштырып, үйүнө кое берүүнү суранды.

— Менин төрт балам бар, жакында бешинчиси төрөлөт. Биздин үй-бүлөгө багуучу керек, — деди ал.

Прокурор айыпталуучуларды актоо үчүн эч кандай негиз көрбөй жатканын айтып, аларга чыккан өкүмдөрдү күчүндө калтырууну өтүндү.

Өткөн айда Европарламенттин депутаттарынан турган топ Казакстандын бийлигинен саясий негиздер менен камалгандардын баарын эркиндикке чыгарууну жана саясий куугунтукту токтотууну, ошондой эле Январь окуяларынын көз карандысыз жана ачык иликтенишин камсыз кылууну жана бул боюнча бардык маалыматтарды ачык жарыялоону талап кылган. Казак бийлиги өлкөдө саясий куугунтук бар экенин четке кагып келет.

Qaharman укук коргоо фондунун маалыматына караганда, 24-августта Ляззат Досмамбетованын кызы Айжан Надирбек Казакстанга келген Европарламенттин депутаттары менен жолугуп, активисттер саясий куугунтукка кабылып жатканын айтып, Январь окуялары боюнча эл аралык иликтөө жүргүзүүгө чакырган. 23-августта Жанмурат менен Кайраттын жубайлары Европа биримдигинин Нур-Султандагы өкүлчүлүгүнүн алдында тынч акцияга чыгып, үч активистти бошотууну жана эл аралык иликтөө жүргүзүүнү талап кылышкан.

Видео

Видео

Улуу көчтү улаган вандык кыргыздар
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:50 0:00
XS
SM
MD
LG