Ссылки доступа

Кабири Путинден диний партияны террордук деп таанууга жол бербөөнү өтүндү


Мухиддин Кабири

Тажикстанда тыюу салынган "Ислам кайра жаралуу" партиясынын төрагасы Мухиддин Кабири ачык кат менен Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылып, бул уюмду Орусияда террордук уюм деп таанууга жол бербөөнү өтүндү.

Анын айтымында, Душанбе Орусиянын алсырап, обочолонуп, украин маселесинде колдоого муктаж болуп турган азыркы абалынан пайдаланып жатат.

Орусиянын Жогорку соту 14-сентябрда диний партияны террордук уюм катары таануу жөнүндө Тажикстандын Башкы прокуратурасынын өтүнүчүн карайт.

Мухиддин Кабири өз катында диний уюм террордук деп таанылса партиянын ондогон же жүздөгөн мүчөлөрү, ошондой эле Тажикстандын жөнөкөй жарандары Тажикстан менен катар Орусияда да кезектеги репрессиянын, психологиялык жана саясий кысымдын курмандыгы болуп калышы мүмкүн экенин белгилеген.

Акыркы айда Ислам кайра жаралуу партиясынын лидери уюмду террордук деп таанууга жол бербөө өтүнүчү менен экенинчи жолу кат жазууда.

Августта "Ислам кайра жаралуу" партиясы Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) кайрылып, Орусиянын бул партияны террордук уюм деп табуусуна каршы болууну өтүнгөн.

Тажикстандын өтүнүчүнө карабай, КМШ өлкөлөрү, анын ичинде Орусия жети жылдан бери "Ислам кайра жаралуу" партиясы боюнча чечим кабыл ала элек. Тажикстанда ишмердигине тыюу салынган диний партияны өлкөнүн Жогорку соту 2015-жылы террористтик жана экстремисттик уюмдардын тизмесине киргизген.

Видео

Видео

Троллдорго пикириңизди уурдатпаңыз
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:53 0:00
XS
SM
MD
LG