Ссылки доступа

Парламентте миграция маселеси боюнча өзүнчө мамлекеттик орган түзүү сунушталды


Жогорку Кеңештин 8-сентябрда өткөн жыйынында айрым депутаттар мигранттар маселесин көтөрүштү. Нуржигит Кадырбеков миграция тармагына жооп берген өзүнчө мамлекеттик орган түзүүнү сунуштады.

"Миграция маселесин ар дайым ар кайсы мекеменин карамагына – бир туруп Социалдык өнүгүү министрлигине, бир туруп Саламаттык сактоо министрлигине, бир туруп Тышкы иштер министрлигине берип коебуз. Бир киши жооп бергидей өзүнчө түзүм керек. Мындан тышкары мигранттарды даярдоо боюнча программа кабыл алуу шарт, себеби жаштар мектепти бүткөндөн кийин паспорт алып, эч нерсени билбей четке кетип калууда, алданып, түрмөгө түшүүдө", - деди депутат.

Эл өкүлү Эмил Жамгырчиев мигранттардын укугун коргой турган өзүнчө омбудсмен керек деп эсептейт. Ал мигранттардын көйгөйлөрүн кандайдыр бир трагедия болгон учурда гана эстешет деген пикирде.

Августа Орусиянын Ульяновск облусундагы ири жол кырсыгынан 14 кыргызстандык набыт болгондон кийин акыйкатчы Атыр Абдрахматова Орусияда Кыргызстандын укук коргоо органынын өкүлчүлүгүн ачууну сунуштаган.

Акыркы расмий маалыматка караганда, чет өлкөлөрдө 1 млн 118 миң кыргызстандык убактылуу жашат жана иштейт. Алардын 1 млн 63 миңи Орусияда.

XS
SM
MD
LG