“Түркмөнстан” гезити Түркмөнстан ТИМинин тапшырмасы менен Курулуш жана архитектура министрлиги Тажикстандын Дусти районунда орто мектепти курууга эл аралык тендер жарыялаганын жазды. Курулуш уюмдарынын өтүнмөсү 21-октябрга чейин кабыл алынат.
Маалыматтарга караганда, төрт жыл мурун да Түркмөнстан ушундай эле тендер жарыялаган. Бирок Дустиде мектеп эмне үчүн салынбай калганын бийлик түшүндүргөн эмес.
Дустиде ири түркмөн диаспорасы жашайт. Алар тилин, маданиятын, улуттук салт-санаасын сактап калган. Тажикстандын түштүгүндөгү бул райондо 10 миңден ашуун түркмөн жашайт.