Ссылки доступа

Казакстан четтен келген кандаштарына "казак картасын" берүүнү пландоодо


Казакстандын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кайрылмандар – этникалык казактар үчүн “казак картасын” киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Аны “жогорку деңгээлдеги профессионалдарга” же тарыхый мекенине бизнес долбоорлорду ишке ашыруу үчүн келген ийгиликтүү ишкерлерге берүүнү пландашууда.

Карта ээлери Казакстанда бизнес ачып, үй-мүлк алып, каржы операцияларын жүрүгө алат, бирок аларга саясий укук берилбейт.

Министрлик ишке орношкон кайрылмандар үчүн “мобилдүүлүк сертификатын” да киргизүүнү пландоодо. Бул сертификат менен жаңы көчүп келген жеринде турак жай баасынын 50 пайызына акчалай жардам алат. Ал үйдү куруп же ипотекага алса болот.

Казак бийлиги этникалык казактарды жумуш күчү жетишсиз региондорго жөнөтүүгө ниеттенүүдө. Аларга кийин жарандык да берилиши ыктымал. Долбоордун авторлорунун билдиришинче, бул чара “кандаштардын” тарыхый мекени менен байланышын бекемдөөгө багытталган.

Бул арада Казакстандын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги инвесторлор, окумуштуулар жана адискөй кесип ээлери үчүн узак мөөнөтүү виза киргизүү концепциясын даярдады. Виза беш жыл аралыгында киргизилет. Ал бир эле учурда Казакстан экономикасына 300 миң доллар инвестиция салган чет өлкөлүк бизнесмендерге берилет. Миграция саясатынын концепциясын долбоору 19-сентябрга чейин талкууда болот.

Видео

Видео

- Ош - Изник: 45 күндө беш өлкөдөн өткөн ардагер
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:51 0:00
XS
SM
MD
LG