Ссылки доступа

Ташкентте 58 дарактын кыйылышы боюнча кылмыш иши козголду


Ташкент шаарынын Чиланзар райондук прокуратурасы шаарда 58 дарактын мыйзамсыз кыйылышы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын маалымат катчысы Хаёт Шамсутдинов билдирди.

Анын айтымында, бак кыюудан улам өсүмдүктөр дүйнөсүнө келтирилген чыгым 797,7 млн сомониге (73 миң доллар) бааланып, тергөө иштери башталды.

Кылмыш иши "Айдоолорду, токойлорду, бак-дарактарды же башка өсүмдүктөрдү атайын тебелөө, жок кылуу менен ири зыянга алып келүү" беренеси боюнча козголду.

Маалыматка караганда, былтыр 11-октябрда GORODA STROY компаниясы Лутфий жана Катта Хирмонтепа көчөлөрүнүн кесилишиндеги дарактарды кыюуга уруксат берүү боюнча арыз тапшырган. Мамлекеттик экология комитетинин кызматкерлери аталган жерге барып, инвентаризация жүргүзүп, 42 даракты кыюуга тыюу салган. Уюмга бак-дарактар мыйзамсыз кыйылса, жоопкерчиликке тартылары эскертилген.

Ташкент шаардык экология башкармалыгы тиешелүү документтерди толтуруп, укуктук баа берүү үчүн аны 6-сентябрда прокуратурага жөнөткөн.

XS
SM
MD
LG