Ссылки доступа

Тажикстанда диний партиянын соттолгон 80 жаштагы мүчөсү карцерге киргизилди


Зубайдуллохи Розик. Архив сүрөт
Зубайдуллохи Розик. Архив сүрөт

Тажикстанда тыюу салынган "Ислам кайра жаралуу партиясынын" камактагы активисти, 80 жаштагы Зубайдуллохи Розик кайрадан 15 суткага айып изоляторуна киргизилди.

Вахдат колониясы динаятчы камералашынын бирин мыйзамсыз түрдө диний жактан окутуу менен алектенгенин, бул үчүн айып изоляторуна киргизилгенин кабарлады.

Вахдат шаарындагы катаал режимдеги колониянын жооптуу кызматкерлеринин бири "Озоди" радиосуна Зубайдуллохи Розик 15 суткага карцерге киргизилгенин тастыктады. Анын айтымында, бир нече жолу эскертүү берилгенине карабай, Розик диний китептерди пайдалануу менен камералаштарынын бирине шарияттын негиздерин окуткан.

"Биз молдо Зубайдуллохту сыйлайбыз. Биз ага: сураныч, намаз окуй бериңиз, дуба кылыңыз, бирок колонияда диний билим берүү – мыйзамсыз, деп бир нече жолу айттык. Бирок ал буга көңүл бурган жок. Өткөн аптада ал эрежени кайрадан бузду", - деди атын атагысы келбеген колония кызматкери.

Зубайдуллои Розиктин чет өлкөдө жашаган уулу Хисомиддини Зубайдуллонун билдиришинче, атасы Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго ачык кайрылуу жасап, өзүнүн күнөөсүз экенин айтып, ишти кайра карап чыгууну талап кылгандан кийин ага жана диний партиянын башка мүчөлөрүнө түрмө кызматкерлери катаал мамиле жасай баштаган.

"Менин атам дин кызматкери. Жөнөкөй сүйлөшүү учурунда да ал Куранга шилтеме берип, мусулмандар үчүн ыйык китептен накыл кептерди айтат. Бизди анын саламаттыгы тынчсыздандырууда. Эки ай мурун аны карцерге биринчи жолу жөнөтүшкөндө ден соолугу кескин начарлап кеткен", - деди Хисомиддини Зубайдулло.

Розик 22-июлда түрмө режимин бузганы үчүн 15 суткага айып изоляторуна киргизилген. Бул маалыматты Вахдат түрмөсүнүн өкүлү "Озоди" радиосуна ырастап, бирок ал кандай режимди бузганы үчүн жазаланганын айтуудан баш тарткан.

Розик "Ислам кайра жаралуу партиясынын" башка мүчөлөрү менен бирге 2015-жылы күзүндө кармалып, 25 жылга эркинен ажыратылган. Бийлик аларды өлкөнүн мурдагы коргоо министри Абдузалим Назарзоданын 2015-жылы сентябрдагы козголоңуна катышкан деп айыптаган.

Тажик бийлиги ал козголоңду уюштурууга "Ислам кайра жаралуу партиясын" айыптап, партиянын ондогон мүчөсү менен активисттерин камакка алган.

XS
SM
MD
LG